«Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК - 2021-жылы уюштурулган кыргыз авиакомпаниясы.
“Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясынын артыкчылыктарынын бири сыйымдуулугу 180 жүргүнчүгө чейин батыш өндүрүшүнө таандык Аэробус А320 ыңгайлуу учактарын эксплуатациялоо болуп саналат. Авиакомпаниянын аба кемелеринин паркы 4 (төрт) А-320 учагынан турат.

“Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясынын учкучтар, кабина жана техникалык курамы, ошондой эле башка адистери – бул жарандык авиация чөйрөсүндө чоң тажрыйбага ээ болгон, жогорку квалификациялуу кызматкерлер.

Авиакомпания Кыргыз Республикасынан Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад, Лахор, Пешавар жана Мултан сыяктуу шаарларына, Индия Республикасынын борбору – Дели шаарына туруктуу жана чартердик учууларды аткарат.

Авиакомпания Кыргыз Республикасынан Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад, Лахор, Пешавар жана Мултан сыяктуу шаарларына, Индия Республикасынын борбору Дели шаарына – Ош-Москвага туруктуу жана чартердик каттамдарды аткарат. Бишкек жана Ош шаарларынан ички жана эл аралык багыттар боюнча туруктуу жана чартердик каттамдар:

Бишкек-Анталия-Бишкек
Бишкек-Исламабад-Бишкек
Бишкек-Лахор-Бишкек
Бишкек-Дели-Бишкек
Бишкек-Москва-Бишкек
Ош-Новосибирск-Ош
Ош-Красноярск-Ош
Ош-Иркутск-Ош
Ош-Сургут-Ош
Ош-Москва-Ош

Жакынкы арада Өзбекстан, Сауд Арабия, Кытай, Грузияга аба каттамдарын ачуу пландалууда.