«Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын купуялуулук саясаты

 «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы купуялуулук саясаты:

1.1. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык купуя маалыматты коргоого байланыштуу бардык керектүү иш-чараларды жүзөгө ашырат.

«Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын купуя маалыматты коргоо чөйрөсүндө колдонулган уюштуруу-тескөө документтери «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын кардарлары берген купуя маалыматтарды коргоонун бардык элементтерин камтыйт.

1.2. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК ишинин негизги максаты акы үчүн жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктөрдү, почтаны аба аркылуу ташууларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле авиациялык иштерди аткаруу болуп саналган авиациялык ишкана.

1.3. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК кызматкерлеринин, кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн, «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын мурдагы кызматкерлеринин, пенсионерлеринин, ишке орношууга талапкерлердин жеке маалыматтарын иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин, башка мыйзамдардын жана «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК менен кызматкердин, мурдагы кызматкердин, кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн, пенсионерлердин, ишке орношууга талапкерлердин ортосундагы тиешелүү макулдашуулардын негизинде, анын ичинде жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук менен жүргүзүлөт.

1.4. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын жүргүнчүлөрүнүн (кардарлардын) жеке маалыматтарын иштеп чыгуу төмөндөгүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

  • Кыргыз Республикасынын Аба кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
  • 1998-жылдын 8-июлундагы № 89 «Транспорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • КРАЭ-20 «Аба аркылуу ташуу эрежелери» Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери;
  • 12.10.1929-жылы түзүлгөн Варшава конвенциясы (28.09.1955-жылы Гаага протоколу аркылуу киргизилген өзгөртүүлөр менен);
  • Эл аралык аба аркылуу ташуулардын айрым эрежелерин унификациялоо үчүн конвенция (28.05.1999-жылы Монреал шаарында түзүлгөн);
  • 07.12.1944-жылы түзүлгөн Чикаго конвенциясы;
  • Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (ИАТА) тарабынан кабыл алынган, Жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуулардын жалпы шарттары;
  • жүргүнчүнү аба аркылуу ташуу келишими;
  • «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын сайтын жана мобилдик тиркемесин колдонуучунун жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугу.

1.5. Жарнамалык жөнөтмөгө жана /же жарнамалык маалыматка кол койгон адамдардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу алар «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКга берген 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдуктун негизинде жүргүзүлөт.

1.6. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКга өзүнүн жеке маалыматтарын берген адамдардын жеке маалыматтарын же «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКга анын тапшырмасын аткаруу үчүн үчүнчү жактар берген жеке маалыматтарды иштеп чыгуу мыйзамдардын жана тиешелүү келишимдердин, «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК менен үчүнчү жактардын ортосундагы макулдашуулардын негизинде жүргүзүлөт.

1.7. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК өнөктөштөрүнүн жана контрагенттеринин жеке маалыматтарды иштеп чыгуусу «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК менен үчүнчү жактардын ортосундагы келишимдин жана башка жарандык-укуктук мамилелердин негизинде жүргүзүлөт.

1.8. Статистикалык жана маркетингдик изилдөөлөр үчүн жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жеке маалыматтардын субъекттеринин анын жеке маалыматтарын статистикалык жана маркетингдик изилдөөлөр үчүн иштеп чыгууга макулдугунун негизинде жүргүзүлөт.

1.9. Жеке жактардын - «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын алар менен жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдерди жана эмгек келишимдерин түзүүсү үчүн талапкерлердин жеке маалыматтарын иштеп чыгуу жеке маалыматтардын субъекттеринин анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугунун негизинде жүргүзүлөт.

1.10. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКда жеке маалыматтарды иштеп чыгуу төмөндөгү принциптердин негизинде жүргүзүлөт:

  • жеке маалыматтарды иштеп чыгуу максаттарынын жана жолдорунун мыйзамдуулугу жана ак ниеттүүлүгү;
  • «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК кызматкерлеринин, ошондой эле жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдин негизинде авиакомпанияда иштеген жеке жактардын, же «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК жеке маалыматтарды иштеп чыгууну тапшырган четтик уюмдун кызматкерлеринин жеке маалыматтардын сакталышы жана купуялуулугу үчүн жеке жоопкерчилиги;
  • «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК кызматкерлеринин жеке маалыматтарды камтыган документтерге жана маалыматтар базасына жетүү мүмкүндүгүнүн уруксат берүү системасынын болушу;
  • жеке маалыматтарды берүүдө, анын ичинде чек ара аралык, үчүнчү жактарга берүүдө алардын купуялуулугун камсыздоо;
  • жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун бейтараптыгы.

Ошондой эле:

  • жеке маалыматтарды иштеп чыгуу мыйзамдуу жана адилеттүү негизде жүзөгө ашырылышы керек;
  • жеке маалыматтарды иштеп чыгуу конкреттүү, алдын ала аныкталган жана мыйзамдуу максаттарга жетүү менен чектелиши керек;
  • жеке маалыматтарды жыйноо максаттарына ылайык келбеген жеке маалыматтарды иштеп чыгууга жол берилбейт;
  • аларды иштеп чыгуу өз ара ылайык келбеген максаттарда жүргүзүлгөн, жеке маалыматтарды камтыган маалыматтар базаларын бириктирүүгө жол берилбейт;
  • аларды иштеп чыгуу максаттарына жооп берген жеке маалыматтар гана иштеп чыгууга жатат;
  • иштелип чыгуучу жеке маалыматтардын мазмуну жана көлөмү билдирилген иштеп чыгуу максаттарына ылайык келиши керек;
  • иштелип чыгуучу жеке маалыматтар билдирилген аларды иштеп чыгуу максаттарына карат ашыкча болбошу керек;
  • жеке маалыматтарды иштеп чыгууда жеке маалыматтардын тактыгы, алардын жетиштүүлүгү, ал эми зарыл болгон учурларда жеке маалыматтарды иштеп чыгуу максаттарына карата актуалдуулугу камсыздалышы керек. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК толук эмес же так эмес маалыматтарды өчүрүү же тактоо боюнча зарыл чараларды көрүшү же аларды кабыл алууну камсыздашы керек;
  • жеке маалыматтарды сактоо жеке маалыматтардын субъектин аныктоо мүмкүнчүлүгүн берген формада, эгерде жеке маалыматтарды сактоо мөөнөтү мыйзамда, жеке маалыматтардын субъекти анын тарабы, ал боюнча пайда алуучу же кепил болуп саналган келишимде белгиленбесе, жеке маалыматтарды иштеп чыгуу максаттары талап кылгандан узак эмес жүргүзүлүшү керек;
  • иштелип чыгуучу жеке маалыматтар иштеп чыгуу максаттарына жеткенден кийин же эгерде федералдык мыйзам менен башкача каралбаса, бул максаттарда жетүү зарылчылыгы жоголгон учурда калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүсүз жок кылууга же ээсиздендирүүгө жатат;
  • жеке маалыматтар тиешелүү техникалык жана уюштуруу чараларын пайдалануу менен, жеке маалыматтардын коопсуздугун, анын ичинде санкцияланбаган же мыйзамсыз иштеп чыгуудан жана маалыматтарды кокустан жоготуудан, бузуудан же жок кылуудан коргоону кепилдеген жол менен иштелип чыгышы керек.

1.11. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКда иштелип чыккан жеке маалыматтар жеке маалыматтардын субъекттерине мүлктүк жана моралдык зыян келтирүү, алардын укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашырууну кыйындатуу максатында пайдаланылбашы керек.

Жеке маалыматтар «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК кардарлары тарабынан ыктыярдуу негизде берилет жана алардын каалоосу боюнча өзгөртүлүшү (жаңыртылышы, толукталышы, такталышы, бөгөттөлүшү, өчүрүлүшу) мүмкүн.

Кардардын берилген жеке маалыматы «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК тарабынан ушул Саясатка ылайык иштелип чыгат.

1.12. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКда жеке маалыматтардын субъекттеринин төмөндөгү категорияларынын жеке маалыматтары иштелип чыгат:

  • «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын жүргүнчүлөрү /кардарлары;
  • «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК менен эмгек мамилелеринде турган кызматкерлер;
  • «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын мурдагы кызматкерлери;
  • «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү, пенсионерлери;
  • ишке орношууга талапкерлер;
  • «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК менен келишимдин жана башка жарандык-укуктук мамилелерде турган жеке жактар;
  • иштен бошотулган кызматкерлер;
  • юридикалык жактардын өкүлдөрү;
  • жарнамалык жөнөтмөгө жана /же жарнамалык маалыматка кол койгон, маркетингдик изилдөөлөргө катышууга макул болгон адамдар;
  • «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКга өзүнүн жеке маалыматтарын берген же алардын жеке маалыматтары «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКга алардын тапшырмасы боюнча иштеп чыгуу үчүн үчүнчү жак тарабынан берилген башка адамдар.

«Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте, жеке маалыматтардын субъекти жайылтуу үчүн уруксат берген жеке маалыматтарды иштеп чыгууну жүзөгө ашыра алат.

1.13. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын жүргүнчүлөрүнүн /кардарларынын жеке маалыматтарды иштеп чыгуусу төмөндөгү максаттарда жүргүзүлүшү мүмкүн:

  • тараптардын бири жеке маалыматтардын субъекти – жүргүнчү (кардар) болгон аба аркылуу ташуу келишимин аткаруу жана аба аркылуу ташуу убагында кошумча кызматтарды көрсөтүү (анын ичинде тамактануу, аба аркылуу ташуу убагындагы атайын шарттар, жүргүнчүнүн медициналык көрсөтмөлөрүнөн улам билетти аргасыз кайтаруу, жүргүнчүлөрдүн мейманканада жашоосу ж.б.);
  • байланыш каражаттарынын жана жарнамалык билдирүүлөрдүн жардамы менен түз байланыштарды жүзөгө ашыруу аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү, товарларды жайылтуу түрүндө маркетингдик программаны жүзөгө ашыруу;
  • авиациялык коопсуздукту жана учуулардын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде рейстерде саякаттоого чейин жана кийин коопсуздукту контролдоо убагында же байланыш борборуна чалууда үн аркылуу идентификациялоодо биометрикалык маалыматты алууда (мисалы, жүзүн таануу);
  • аба кемесинде орундарды брондоо (резервдөө), брондоого өзгөрүүлөрдү киргизүү, рейске каттоо, адистештирилген, кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү брондоо, атайын ташуулар маселелери боюнча жана аба аркылуу ташуу келишимин түзүү жана аткаруу менен байланыштуу башка маселелер боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
  • мамлекеттик контролдоо органдарынын жана укук коргоо органдарынын суроо-талаптарын аткаруу.

1.14. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын кызматкеринин, «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын мурдагы кызматкеринин, кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн, пенсионерлердин, ишке орношууга талапкерлердин жеке маалыматтарын иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын кызматкерлеринин жана мурдагы кызматкерлеринин ишке орношуусуна көмөктөшүү, окутуу жана кызматында илгерилетүү, «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын кызматкерлерин иш сапарга жана кызматтык сапарларга жөнөтүү, кызматкерлердин жеке коопсуздугун камсыздоо, аткарган иштердин санын жана сапатын контролдоо жана мүлктүн сакталышын камсыздоо максатында, ошондой эле социалдык программаларды жүзөгө ашыруу максатында, медициналык-профилактикалык максаттарда, контрагенттер менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу (ишеним каттарды тариздөө, жеке маалыматтарды камтыган документтердин жана банктар менен өз ара аракеттенүүнү, келишимдик милдеттенмелерди аткаруу боюнча контрагенттер менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу үчүн керектүү башка документтердин көчүрмөлөрү), корпоративдик төлөм карттарын тариздөө, кызматкерлер үчүн визиткаларды даярдоо, кызматкерлердин жеке маалыматтарын Интернет тармагында «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК сайтында жайгаштыруу, кызматкерлердин кесиптик чеберчилик сынактарына катышуусу максатында мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо менен гана жүргүзүлөт.

«Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК менен келишимдик жана башка жарандык-укуктук мамилелерде турган жеке жактардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу алар менен түзүлгөн келишимдерди аткаруу максатында гана жүргүзүлөт.

Инвестициялык коомдоштуктун өкүлдөрүнүн жеке маалыматтарын иштеп чыгуу «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын инвесторлору жана акционерлери менен өз ара мамилелердин алкагында жүргүзүлөт.

«Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКга өзүнүн жеке маалыматтарын берген адамдардын, анын ичинде «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК менен келишимдин жана башка жарандык-укуктук мамилелерде турган адамдардын жеке маалыматтарын же анын тапшырмасы боюнча «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКга үчүнчү жак берген жеке маалыматтарды иштеп чыгуу «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК менен үчүнчү жактардын ортосундагы тиешелүү келишимдерди, макулдашууларды аткаруу максатында жүргүзүлөт.

Статистикалык жана маркетингдик изилдөөлөргө катышууга макулдугун берген жеке маалыматтар субъекттеринин жеке маалыматтарын иштеп чыгуу маркетингдик максатта гана жүргүзүлөт.

1.15. Мыйзамга ылайык, ден соолугунун абалы, расалык жана улуттук таандыгы, саясий көз карашы,  диний же башка башка ишенимдери, кесиптик бирлик уюмдарындагы мүчөлүк же интимдик жашоо кирген, жеке маалыматтардын атайын категорияларын иштеп чыгуу төмөндөгү учурлардан тышкары, «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК тарабынан жүргүзүлбөйт:

  • жеке маалыматтардын субъекти өзүнүн жеке маалыматтарын иштеп чыгууга жазуу жүзүндө макулдук берген;
  • жеке маалыматтарды иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык жардам жөнүндө мыйзамдарына, эмгек мыйзамдарына, пенсия мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
  • жеке маалыматтарды иштеп чыгуу медициналык иш менен кесипкөй алектенген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дарыгер сырын сактоого милдеттүү болгон адам тарабынан жүргүзүлгөн шартта жеке маалыматтарды иштеп чыгуу медициналык-профилактикалык максаттарда, медициналык диагноз коюу, медициналык жана медициналык-социалдык кызмат көрсөтүү максатында жүргүзүлөт;
  • жеке маалыматтарды иштеп чыгуу милдеттүү камсыздандыруу түрлөрү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт;
  • жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жеке маалыматтар субъектинин өмүрүн, ден соолугун же өтө маанилүү кызыкчылыктарын же эгерде жеке маалыматтар субъектинин макулдугун алуу мүмкүн болбосо, башка жактардын өмүрүн, ден соолугун же өтө маанилүү кызыкчылыктарын коргоо үчүн керек;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда.

1.16. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКда «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын кызматкеринин, мурдагы кызматкерлеринин, ишке орношууга талапкерлердин жеке маалыматтары иштетилет, анын ичинде: фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган күнү, туулган жери, жарандыгы, жашаган жеринин дареги, фотосүрөтү (тышкы түрү), байланыш телефону, СИН, пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө документ, жынысы, камсыздандыруу полисинин номери, билими, кесиби, иш стажы жөнүндө маалымат, паспорттук маалыматтары, кирешелер жөнүндө, банк реквизиттери, төлөм карттын номери жөнүндө, үй-бүлөлүк абалы жана үй-бүлө курамы жөнүндө, аскердик каттоо жөнүндө маалымат, ишке кабыл алуу жөнүндө маалымат, башка жумушка которуу жөнүндө, аттестация жөнүндө, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө, кесиптик кайра даярдоо, сыйлыктар (сыйлоо), ардак наамдар жөнүндө, өргүү жөнүндө жана социалдык кепилдиктер, ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат, биометрикалык жеке маалыматтар, тындырылбаган соттуулугунун болушу (жоктугу) жөнүндө маалыматтар. Ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат жеке маалыматтардын атайын категориясына кирет. Жеке маалыматтар субъекттеринин ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтар «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКда аба аркылуу ташуу келишимдерин аткаруунун алкагында дагы иштелип чыгат.

1.17. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКда «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК менен келишимдик жана башка жарандык-укуктук мамилелерде турган жеке жактардын, жүргүнчүлөрдүн /кардарлардын жеке маалыматтары иштелип чыгышы мүмкүн, анын ичинде:

а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык:

  • фамилиясы, аты, атасынын аты;
  • туулган күнү жана жери;
  • жашаган жеринин дареги;
  • фотосүрөтү (тышкы түрү);
  • ал боюнча жол документи (билет) сатылып алынган жана каттамга кирген өлкөлөрдүн мамлекеттик чек аралары кесилип өткөн, өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтин түрү жана номери;
  • кетүүчү жер, баруучу жер, бара турган каттамдын түрү (которулуп отуруусуз, транзиттик);
  • сапардын датасы;
  • төлөм картасынын номери;
  • келишимдин шарттары боюнча төлөмдү которуу үчүн жеке жактардын банктык эсебинин реквизиттери;
  • жынысы;
  • жарандыгы;
  • префикс жана суффикс (Jr, Sr, Mr ж.б.);
  • байланыш маалыматтары, телефон, электрондук почта дареги;
  • визанын жана аларды алмаштыруучу документтердин номерлери, алардын колдонуу мөөнөтү, баруу каттамына ылайык турган аймактагы дареги;
  • куки файлдары жана сайтка киргенде түзүлө турган башка санариптик маалыматтар;
  • жеке маалыматтар субъектинин түзүлүшүнүн IP-дареги жана жайгашкан жери;
  • биометрикалык жеке маалыматтар;
  • милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө документ;
  • ден соолугунун абалы, анын ичинде жеке физикалык өзгөчөлүктөрү /маанилүү чектөөлөр, анын ичинде көрүүсү, угуусу боюнча чектөөлөр, сүйлөөдөгү чектөөлөр, кыймылдагы чектөөлөр жана ал жөнүндө жеке маалыматтар субъекти тарабынан берилиши мүмкүн болгон башка чектөөлөр жөнүндө маалымат;
  • атайын категориялар менен байланышпаган, бирок диний ишенимди, ден соолуктун абалын көрсөткөн маалыматтар (кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү (атайын тамакты буйрутма кылуу) жана /же атайын кызмат көрсөтүүлөрдү (ийин курун, кресло-араба менен ташуу, портативдик кычкылтек концентратору/башка медициналык жабдуу, медициналык максаттар үчүн кычкылтек, замбилдеги, гипс таңгычы/ортез/Илизаров аппараты бар бейтап, коштоо кызмат көрсөтүүсү жана кресло-араба берүү менен/берүүсүз аэропортто жардам берүү, көрүү боюнча майыптуулугу бар жүргүнчүгө жол көрсөтүүчү итти ташууну буйрутма кылуу) буйрутма кылууда берилүүчү маалыматтар);
  • СИН;
  • билими жөнүндө маалыматтар;
  • кирешелер жөнүндө маалыматтар;
  • кесиби жөнүндө маалыматтар;
  • көрсөтүлүүчү идентификациялык номерлердин (паспорттун, карточканын) маалыматтары;

б) төлөм системаларынын эрежелерине, төлөм карттары индустриясынын маалыматтарынын коопсуздук стандартына ылайык жана эквайринг келишимдеринин (төлөм карттарын төлөөгө кабыл алуу), эквайринг алкагында түзүлгөн процессинг компаниялары менен келишимдердин негизинде «а» пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтарга кошумча төмөндөгүлөр иштелип чыгышы мүмкүн:

  • төлөм картын ээсинин (кардардын) фамилиясы, аты;
  • төлөм карттын номери;
  • төлөм карттын колдонуу мөөнөтү;
  • төлөм карттын коопсуздук коду;
  • авторизациялоо коду.

1.18. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКда «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн, пенсионерлеринин жеке маалыматтары иштелип чыгышы мүмкүн, анын ичинде: фамилиясы, аты, атасынын аты, жынысы, туулган күнү, паспорттук маалыматтары, жашаган дареги жана байланыш телефону.

«Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКда өзүнүн жеке маалыматтарын «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКга берген адамдардын жеке маалыматтары же «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКга анын тапшырмасы боюнча иштеп чыгуу үчүн үчүнчү жак тарабынан берилген жеке маалыматтар иштелип чыгышы мүмкүн. Иштеп чыгуу аларда иштелип чыгуучу маалыматтардын тизмеги көрсөтүлгөн, «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК менен үчүнчү жактардын ортосундагы келишимдерди, макулдашууларды аткаруу максатында жүргүзүлөт.

1.19. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКда маркетингдик изилдөөлөргө катышууга макул болгон, жарнамалык жөнөтмөгө жана /же жарнамалык маалыматка кол койгон адамдардын жеке маалыматтарды иштелип чыгышы мүмкүн, анын ичинде:

  • аты;
  • электрондук почта дареги жана /же байланыш телефон номери.

1.20. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКда «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын инвестициялык коомдоштугунун өкүлдөрүнүн, юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн жеке маалыматтары, анын ичинде визиттик карточкада көрсөтүлгөн иштиктүү байланыштары иштелип чыгышы мүмкүн:

  • фамилиясы, аты, атасынын аты;
  • иштеген жердин аталышы жана дареги;
  • электрондук почта дареги жана /же байланыш телефону;
  • кызматынын аталышы;
  • СИН;
  • катталган дареги;
  • өздүгүн күбөлөндүргөн документтин сериясы жана номери.

1.21. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКда статистикалык жана маркетингдик изилдөөлөргө өзүнүн макулдугун берген жеке маалыматтар субъекттеринин жеке маалыматтары иштелип чыгышы мүмкүн, анын ичинде: фамилиясы, аты, экинчи аты, атасынын аты, туулган күнү, жынысы, жашаган дареги, телефон номерлери, электрондук почта даректери жөнүндө маалымат, жарандыгы, ден соолугунун абалы (мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөргө карата), төлөм маалыматтары, курагы, жыныстык таандыктыгы, веб-сайтта жасаган иш-аракеттер, изилдөөнүн жүрүшүндөгү жооптор же сынактарга, маркетингдик сурамжылоолорго катышуу, ошондой эле түзүлүштүн IP-дареги жана жайгашкан жери,   ID-куки, колдонгон гипершилтемелер жөнүндө маалыматтар, колдонуучунун аты.

1.22. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКда жеке маалыматтардын төмөндөгүдөй түрлөрү иштелип чыгат:

  • ден соолуктун абалына тиешелүү жеке маалыматтардын атайын категориялары;
  • «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын кызматкерлеринин жеке маалыматтары;
  • «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын кызматкерлери болуп саналбаган, жеке маалыматтар субъекттеринин жеке маалыматтары;
  • жеке маалыматтардын башка категориялары.

1.23. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКда жеке маалыматтардын субъекттеринин жеке маалыматтары менен төмөндөгүдөй иш-аракеттер (операциялар) жүргүзүлүшү мүмкүн: чогултуу, жазуу, системалаштыруу, структуралоо, топтоо, сактоо, тактоо (жаңыртуу, өзгөртүү, кайра иштеп чыгуу), издөө, тандоо, алуу, пайдалануу, экспертиза, берүү аркылуу ачыктоо (жайылтуу, берүү, жетүү мүмкүндүгү), кароо, көчүрүү, окуу, топтоштуруу же айкалыштыруу, тандап алуу, ээсиздендирүү, бөгөттөө, өчүрүү же жок кылуу, - ошондой эле автоматташтыруу каражаттарын, анын ичинде маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарда пайдалануу менен же эгерде мындай каражаттарды пайдалануусуз жеке маалыматтарды иштеп чыгуу автоматташтыруу каражаттарын пайдаланып жеке маалыматтар менен жасалган иш-аракеттердин (операциялардын) мүнөзүнө ылайык келсе, башкача айтканда берилген алгоритмге ылайык материалдык алып жүрүүчүдө жазылган жана картотекаларда же башка системалаштырылган жеке маалыматтардын жыйнагында камтылган, жеке маалыматтарды издөө мүмкүнчүлүгүн жана /же мындай жеке маалыматтарга жетүү мүмкүндүгүн берсе, мындай каражаттарды пайдалануусуз, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган башка иш-аракеттер жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

1.24. Жеке маалыматтардын субъекти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКга анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга тиешелүү маалыматты алууга, анын жеке маалыматтарын тактоо, аларды иштеп чыгууну чектөө, бөгөттөө же жок кылуу (эгерде жеке маалыматтар толук эмес, эскирген, так эмес, мыйзамсыз алынган болуп саналса же билдирилген иштеп чыгуу максаттары үчүн) тууралуу суроо-талап менен кайрылууга укуктуу.

1.25. Суроо-талап жеке маалыматтар субъектинин же анын өкүлүнүн өздүгүн күбөлөндүргөн негизги документтин номерин, көрсөтүлгөн документ берилген күн жана аны берген орган жөнүндө маалыматты, жеке маалыматтардын субъектинин оператор менен мамилелерге  катышуусун тастыктаган маалыматтарды (келишимдин номери, келишим түзүлгөн күн, шарттуу оозеки белги жана (же) башка маалыматтар), же оператордун жеке маалыматтарды иштеп чыгуу фактысын башкача жол менен тастыктаган маалыматтарды, жеке маалыматтар субъектинин же анын өкүлүнүн колун камтышы керек.

Суроо-талап жазуу жүзүндө Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., 7200001, Абдумомунов көч. 286/1 дареги боюнча же Бұл электронды пошта мекен-жайы спам-боттардан қорғалған. Көру үшін сіздің браузеріңізде JavaScript қосулы тұруы тиіс. электрондук почта дарегине электрондук документ түрүндө жөнөтүлүшү мүмкүн. Суроо-талапты алуу фактысы боюнча «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК тиешелүү иш-чараларды жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөт ичинде жооп жөнөтөт.

Жеке маалыматтардын субъекти кайтарым байланыш формасы аркылуу «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК сайтында жеке кабинетте, жеке сатуу кеңселеринде, филиалдарында, өкүлчүлүктөрүндө өздүгүн күбөлөндүргөн документти көрсөткөндө, «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын кызматкери аны идентификациялагандан жана аутентификациялагандан кийин жеке маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу өзүнүн жеке маалыматтарын тактай алат.

1.26. «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК өз ишмердүүлүгүнүн жүрүшүңдө кардарлардан алынган жеке маалыматтар, банк реквизиттери ж.б. жөнүндө купуя маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, жеке маалыматтардын субъектинин жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү тарапка бербейт.

1.27. Бул маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте авиабилеттерди тариздөө, кошумча кызмат көрсөтүү (авиаучууларды камсыздандыруу, аэропортко /аэропорттон трансфер, отелдерди брондоо, автомобилдердин ижарасы), банк системасынын төлөм карттарынан төлөмдөрдү жүргүзүү максатында «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын өнөктөш уюмдарына берилиши мүмкүн.

Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга тартылган үчүнчү жактар жөнүндө кеңири маалымат (аталышы, дареги жана жеке маалыматтарды берүү максаты) жеке маалыматтардын субъектине анын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн.

Айрым маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКда белгиленген жол-жобонун алкагында укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарга берилиши мүмкүн.

1.28. Жеке маалыматтарды жеке маалыматтардын субъектин аныктоо мүмкүнчүлүгүн берген формада сактоо эгерде жеке маалыматтарды сактоо мөөнөтү мыйзамда, жеке маалыматтардын субъекти анын тарабы, ал боюнча пайда алуучу же кепил болуп саналган келишимде белгиленбесе, жеке маалыматтарды иштеп чыгуу максаттары муну талап кылгандан узак эмес жүргүзүлөт.

Иштелип чыккан жеке маалыматтар аларды иштеп чыгуу максаттарына жеткенден кийин, бул максаттарга жетүү зарылчылыгы жоголгон учурда же жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук артка чакыртылып алынган учурда, эгерде федералдык мыйзам менен башкача каралбаса, жок кылууга же ээсиздендирүүгө жатат.

1.29. Маалыматты коргоо учуулардын коопсуздугу менен катар «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Санкцияланбаган кирүү мүмкүндүгүнүн, жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга шартсыз берүүнүн же кардарлардын жеке маалыматтарын максатсыз пайдалануунун алдын алуу максатында «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК алынган маалыматты коргоону жүзөгө ашыруу каражаттарын туруктуу иштеп чыгат жана модернизациялайт. Маалыматтарды чогултуу, сактоо жана иштеп чыгуу процесстерин үзгүлтүксүз текшерилет, атайын коргоо механизмдери жана технологиялары пайдаланылат.

«Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК кардарлардын жеке маалыматтарын үчүнчү жактардын мыйзамсыз же кокустан кирүү мүмкүндүгүнөн, өзгөртүүсүнөн, көчүрүүсүнөн, бөгөттөөсүнөн, жайылтуусунан, жок кылуусунан жана башка мыйзамсыз иш-аракеттеринен коргоо үчүн зарыл жана жетиштүү уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт.

Жеке маалыматтар субъекти «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКга: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., 7200001, Абдумомунов көч. 286/1 дареги боюнча же Бұл электронды пошта мекен-жайы спам-боттардан қорғалған. Көру үшін сіздің браузеріңізде JavaScript қосулы тұруы тиіс. электрондук почта дарегине жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү аркылуу каалаган учурда жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдукту артка чакыртып алууга укуктуу.

Мындай пикирди алганда, 30 календардык күн ичинде «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧК субъекттин жеке маалыматтарын иштеп чыгууну токтотот, ошондой эле «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКнын тапшырмасы боюнча аракеттенген үчүнчү жактардын мындай иштеп чыгуусун токтотууну камсыздайт.

 

 

 

     Башкы директор                                                                                     Табылдиев А. Т.